Түндүк Корея өзөктүк сыноодон жабыркады

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:34

Түндүк Кореянын Пангири полигонундагы өзөктүк сыноолордун айынан айланасындагы аймактарда балдар паталогия менен төрөлө баштаган. Бул туурасында Түштүк Кореянын “Chosun Ilbo” басылмасы Корея Элдик Демократиялык Республикасынан (КЭДР) кеткендердин маегинин негизинде жазды.

“Бул аймактарда жашагандардын туугандары төрөт үйүндө мутант балдар төрөлүп жатканын айтты”,-деген гезитке маек берген адам.

Айрымдары радиация жер астындагы сууларга киргенин, айрым жерлер кургаса, жергиликтүү калк сууну пайдалангандан коркуп жатканын белгилеген.

КЭДРден 2010-жылы качкан адам 2006-жылдын октябрь айында жана 2009-жылдын май айындагы полигондо өткөн эки сыноону көргөнүн белгилеген.

“Биринчи сыноодо аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү гана көчүрүлгөн. Алар жер астындагы шахталарга жайгаштырылган. Ал эми жөнөкөй тургундар сыноо боюнча билген эмес”,-деген ал.

Андан тышкары басылманын маектештери полигондун аймагындагы сууларда балыктар жоголгонун, радиоактивдүү булгануудан улам бак-дарактардын 80 пайызы куурап калганын кошумчалашкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!