Өкмөт башчы өлгөн мышыгына аза күтүүдө

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:08

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерндин мышыгын унаа тебелегенин “The Guardian” басылмасы жазды.

Саясатчынын өкүлү Паддлз аттуу мышыкты премьер-министрдин Окленд шаарындагы үйүнө жакын жерден унаа тебелегенин тастыктаган.

Жаңы Зеландиянын премьери “Facebook” тармагындагы баракчасына “Сүйүктүү жаныбарын жоготкондор биздин кандай кайгырып жатканыбызды жакшы түшүнөт”,-деп жазган.

Өлкөнүн эли Ардерндин бакма жаныбарын жакшы көршкөн. Ал гана эмес эл арасында тамаша иретинде “Жаңы Зеландиянын биринчи мышыгы” деп айтылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!