Көз жумган качкындардын аты-жөнү жарыяланды

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:31

Германиянын “Der Tagesspiegel” гезити 1993-2017-жылдар аралыгында Европага жетүүгө аракет кылган же жеткенде лагерлерде көз жумган качкындардын аты- жөнүн тизмеледи.

Анда бир топ өлкөдөн 33 миң 293 адамдын аты жазылган.

Өздүгү белгисиз болгондорго N.N (аты белгисиз) белгиси коюлган.

Германиядагы “Der Tagesspiegel” гезити көз жумгандардын элесине ушундай тизме даярдоону туура көргөнүн жазды. Анда 29-майга чейинки маалыматтар камтылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!