Аскерден качып улгайган таежесине үйлөндү

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:37

Аскердик милдетинен качкан Винницанын жаш тургуну өзүнүн таежесине үйлөнгөнү тууралуу маалымат “Риа Новости” агенттигине жарыяланды.

Аскер комиссариатынан чакырууну 25-октябрда алган 22 жаштагы Александр, арадан алты күн өткөндө үйлөнгөнү тууралуу күбөлүгүн алып келген.

“Атасы уулун аскер комиссариатына алып келип “Ал армияга барбайт. Аялы биринчи топтогу майып” дегени абдан таң калтырды”,-деген аскер комиссары Александр Данилюк.

Айылдагылардын айтымында, турмушка жаңы чыккан Зина чоң эне Александрдын чоң апасынын бир тууган сиңдиси.

“Ал аял мындай жашында турмушка чыгып жатканын билген жок. Шаарга өзүнүн мүлкүн мураска каттоого барчудай түшүнгөн. Бул тууралуу билгенде ыйлаган”,-деген айылдык кеңештин өкүлү.

Юристтердин айтымында, камкордукка алуу учурда кеңири тараган. Алар Украинанын чыгышындагы жаңжалдарга мобилизациялоо учурунда улгайгандарды, майыптарды камкордукка алган документтерди тапшырган жаштар көп болгон белгилешкен. Бирок мекенге кызмат өтөөдө өзүнүн жакынына үйлөнгөн учур биринчи кездешип жатканын кошумчалашкан.

Нике катталганына карабастан аскер комиссариаты бул боюнча сотко кайрыларын кабарлаган. Анда Александр аялынын саламаттыгына жакшылап көңүл бөлүшү керектигин, аскердик кызматка 27 жашка чейин кабыл алынарын эскерткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!