Башталгыч мектепке ар тараптан ок атылды

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:03

Клифорния штатынын түндүгүндөгү Ранчо Техама аймагындагы башталгыч мектептердин биринде куралдуу кол салууда 5 киши көз жумду. Аны ишке ашырган адамды полиция кармады.

Аталган аймактын шерифинин орун басары Фил Жонстон куралчан адам мектептин ар тарабына ок аткандыктан окуучулар да жарат алганын айтты. Ошондой эле ал окуяга байланыштуу териштирүү иштери башталганын кошумчалады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!