Трамп Азиядан көп дос тапты

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:46

АКШнын президенти Дональд Трамп Азиага болгон турнеде ал жактан көп дос тапканын айтты.

“12 күн жакшы өттү. Менде жакшы достор пайда болду”,-деди ал Филиппинден Гавайиге учакта жол тартып бара жатканда журналисттерге айткандарында. Бул сүйлөшүүлөрдүн стенограммасын Ак үй шейшембиде таратты.

“Мен үчүн жеке мамиле ар дайым маанилүү. Бул мамиле сөзсүз эле жакын болууну билдирбейт. Бул мамиле сыйга негизделиши керек. Мен үчүн дал ушул маанилүү. Алар биздин өлкөгө сый менен мамиле кылганы жакшы. Алар биздин мамлекетти көп мезгилден бери сыйлабай калышкан”,-деген президент.

“Коопсуздук, коргоо жана сооданы күчтөндүрүү аркылуу жтишкен нерселерге сыймыктандым. Бизде эми бардык тараптарга негизделген адилеттүү мамиле болот”,-деди президент Дональд Трамп.

АКШнын өлкө башчысы 5-14-ноябрь аралыгында узакка созулган Азиа турнесин ишке ашырды. Ал Япония, Корея Республикасы жана Кытайда болду. Иш сапарында Вьетнамда өткөн Азия-Тынч океан аймагындагы экономикалык кызматташтык саммитине (АТЭС) катышты. Иш-чаранын аянтчасында Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!