Словакия мигранттарга эшигин ачты

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:34

Словакия Европа биримдигинен (ЕБ) сырткаркы мамлекеттерден жумушчу күчүн тартуу үчүн алардын иштөө, жашоо шарттарын жеңилдеткени турат.

Өлкөнүн парламентине сунушталган мыйзам долбоорунда ЕБден башка жактардан келген мигранттар үчүн документтерди азайтуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды маанилүү өлчөмдө кыскартуу жагы каралган.

Словакияда өзгөчө өнөр жай, анын ичинен авто өндүрүшүндө жумушчуларга муктаждык бар.

Беш жарым миллион калкы бар өлкө Европа эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде көп авто чыгарган өлкөлөрдү катарын толуктайт.

Аймакта качкындардын саны арбып жаткан ушул мезгилде Словакия өкмөтүнүн чет элдик мигранттарды тартуу аракети көптөгөн талкууларга себеп болду.

Бирок өкмөткө жакын булактар бул кадамды акыркы мезгилде сезилип жаткан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштырган.

Мыйзам долбоорундагы шарттарга ылайык бул мыйзам жумушсуздук эң төмөн аймактар үчүн жарактуу. Ошондой эле ишкана жумушчулардын 30 пайыздан ашыгын ЕБден тышкаркы өлкөлөрдөн алып келиши керек.

Өкмөттүн бул кадамы миграцияга каршы оңчул топтордо, профсоюз уюмдарында каршы пикирлерди жаратты. Ал гана эмес, нааразычылык акцияларын уюштураарын эскертишти. Алар өкмөт жана унаа өндүрүүчүлөрдүн максаты унаа тармагында жогорулаган айлыктарды жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн келген жумушчулар аркылуу кыскартарын болжолдошууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!