“Чет элдик агент ММКлар” мыйзамы күчүнө кирди

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:13

Россияда чет элден каржыланган массалык маалымат каражаттарын “Чет элдик агент” катары эсептеген мыйзам күчүнө кирди. “Агент” катары кимдер кабылданат аны Юстиция министрлиги чечет. Андыктан ММКлар катталаар алдында каржысы боюнча кеңири маалымат берет.

Мындай мыйзам АКШ өкмөтү каржылаган "Голос Америки" орус кызматы, “Азаттык радиосу” жана буларга байланышкан медиа-долбоорлорго тиешелүү болору күтүлүүдө.

АКШнын берүүлөр боюнча башкармалыгын жетектеген Жон Лансинг жаңы мыйзам алардын Россиядагы ишмердиктерин чектерин айтты. Еврокомиссиянын Тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Майя Косьянчич жаңы мыйзам “ММКлардын эркиндигине коркунуч” экенин айтты.

Россия өз кезегинде жаңы мыйзам АКШнын Юстиция министрлигинин россиялык мамлекеттик “RT” телекомпаниясынын Америкадагы филиалын чет элдик агенттердин тизмесине киргизгенине жооп катары кабыл алынганын белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!