Дипломат мышык элчиликте ишин баштады

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 17:45

Англия биринчи дипломат мышыгын Иорданиядагы элчиликте кызматка дайындады. Үй жаныбары ал жакта чычкан уламакчы.

Октябрь айында Амман шаарындагы жаныбарларды асыраган жайдан алынып, Абдунлу Лоуренс ысымы берилген мышык Англиядагы алгачкы дипломат мышык аталды. Социалдык тармактарда таанымал Лоуренстин ал жакта 7 миңге жакын таанышы бар.

Аммандагы элчинин орун басары Лаура Даубан “Лоуренс чычкан улоо менен бирге “Twitter” тармагына көз салгандар менен алектенет. Аларга Иорданиядагы элчилигибизди башкача көз карашта кароого жардам берет. Англиялык туристтер Иорданияга келип өлкөнү зыярат кылышын каалайбыз. Бул жак бейкут жана өнүккөн мамлекет экенин көрүшсө деп тилейбиз”,-деди ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!