Жер ортолук деңизге күн сайын 10 мигрант чөгөт

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:30

Африкадан Италияга кеткен деңиз жолу дүйнөдөгү башка миграциялык жолдорго караганда кооптуу болуп эсептелет.

Жер ортолук деңизи аркылуу Европа мамлекеттерине жетүүнү каалаган мигранттардын жана качкындардан көз жумгандардын саны 2017-жылдын башталышынан бери 3 миңге жеткен. Башкача айтканда күн сайын ондон адам чөгөт. Бул туурасында Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) билдирди.

Мындай окуяда Түндүк Африка-Италия миграциялык багытында 2803, Испанияга бара тургандардан 169, Грецияга сапар алгандардан 61 адам көз жумган.

Жыл башынан бери МОМдун маалыматына караганда дүйнөдө 5 миң 124 мигрант жана качкындар көз жумган. Жүздөгөн адамдар Түндүк Африка, Африка, Түштүк Сахарадан чыгышкан. Ошондой эле Мексикадан АКШга бара жаткандар болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!