Генерал цианит калийине ууланганы аныкталды

2-Дек. 2017, Ишемби, 13:59

Гаага трибуналында аскерик кылмыштарга айыпталган хорватиялык генерал Слободан Праляк цианит калийине ууланганын Нидерланддардын прокуратурасы аныктаган.

Аскердик кылмыштары үчүн 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм өзгөрүүсүз калганын уккан генерал 29-ноябрда чакан бөтөлкөдөгү ууну ичип жиберген. Дарыгерлердин аракетине карабастан ал ооруканада көз жумган.

Хорватиялык маалымат каражаттары Праляк буга мурдатан даярдыктар болгонун, ал тургай эки жыл мурда коштошуу катын жазганын билдиришти.

Нидерландиялык тергөөчүлөр учурда Пралякка ууну кимдер алып келгенин, Гаага трибуналынын имаратына кандайча киргизилгенин иликтөөдө.

Пралякка 2013-жылы Босния жана Герцеговинадагы 90-жылдагы согушта адамзатка карата кылмыш боюнча айып тагылып, 10дон 25 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Апелляциялык сотко арызданышканы менен өкүм өзгөрүүсүз калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!