Гамбургерге тыюу салууну талап кылышууда

2-Дек. 2017, Ишемби, 14:45

Европа парламентинин саламаттык комитети гамбургерге кошулчу фосфат кошулмасы жүрөккө зыяндуу деген негизде ага тыюу салууну талап кылды.

Грек тектүү Кристина гамбургерлерге эч кандай химиялык зат колдонулбай тургандыгын белгиледи.

“Гамбургерди кой, уй, тоок этинен жасайбыз. Күндө эртең менен жаңы эт алып, туурайбыз. Эч кандай химиялык зат кошулбайт”,-деген ал.

Бул боюнча Европа парламентине мыйзам долбоору сунушталат. Ага 376 депутат каршы добуш берсе комитет сунушун кайрадан карап чыгууга мажбур.

Европа биримдигинде негизинен иштетилген эт продукциясына фосфат кошулмаларын пайдаланууга уруксат бербейт. Бирок этин даамын, сапатын жакшыртуу максатында айрым учурларда химиялык заттар колдонулат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!