“Планетаны кайрадан жашыл кылабыз”

12-Дек. 2017, Шейшемби, 15:45

Франциянын борборунда Климат боюнча Париж макулдашуусунун эки жылдыгына арналган “Бир планета саммити" өтөт.

Париждеги иш-чара “жашыл долбоорлорду” ишке ашыруу, аларга каржы булактарын издөөгө багытталган.

Аны алкагында өлкө башчысы Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 18 америкалык климатолог-окумуштуулар келген. Алар АКШнын лидери Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү аяктаганча Францияда ишин улантат. Бул үчүн илимпоздорго грант бөлүнгөн.

Франциянын президенти “Планетаны кайрадан жашыл кылабыз” деген ураан менен иш алып барарын айткан. Ал сүйлөм Трамптын “Американы кайрадан улуу кылабыз” деген ураанына окшош.

Анткен менен Ак үйдүн башчысы саммитке чакырылган жок.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!