Вашингтон БУУга каржыны кыскартат

13-Дек. 2017, Шаршемби, 11:44

Америка бийлиги 2018-2019-жылга карата Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) бөлгөн каражатты 250 миллион долларга кыскартарын билдирди.

АКШнын мындай сунушу дүйнөлк уюмдун Палестина, Ливия жана Афганистандагы миссияларына таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле БУУнун өнүгүү программаларынын токтоосуна, жаңы кызматкерлерди алууга, кызматкерлердин маянасынын кыскаруусуна алып келет. Уюмдун өкүлдөрү Вашингтондун сунушуна жооп катары каржылоону 170 миллионго кыскартса болорун белгилеген.

БУУ 2018-2019-жылдын бюджетин жылдын аягына чейин бекитет. Андан улам уюм өзүнүн керектөөлөрүнө 5,4 миллиард доллар же 2016-2017-жылга караганда 200 миллион аз каражат сурап жатат.

БУУнун каражаты мүчө мамлекеттердин эсебинен алынат. Антсе да эң ири демөөрчүсү АКШ уюмдун чыгашаларынын 20 пайызын жабат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!