Ишкер өмүрү менен коштошкон кече өткөрдү

13-Дек. 2017, Шаршемби, 15:11

Айыккыс дартка чалдыккан 80 жаштагы япониялык ишкер Сатору Анзаки жакындары менен коштошуу, аларга ыраазычылыгын билдирүү максатында кече уюштурду.

Машина куруу менен иш алып барган ири “Komatsu” ишканасын алты жыл башкарган ишкердин оор дартка чалдыкканын октябрь айында белгилүү болгон.

Кечеге достору, классташтары, иш өнөктөштөрү жана кесиптештеринен турган 1000ге жакын конок чакырылган. Бул үчүн Токидон мейманкана ижарага алынган. Иш-чара көңүлсүз болбош үчүн өзү төрөлүп өскөн жерден бий топторун чакырткан.

Сатору Анзаки меймандарга кайрылуусунда “Жашоомдо мен тааныган адамдарга ыраазычылыгымды билдиргениме кубанып жатам. Калган убактымды мүмкүн болушунча сапаттуу өткөрөм. Дарылардын терс таасирлеринен улам дарыланбоону туура көрдүм”,-деди ал.

Кечеге келгендердин бири “Абдан көңүлдүү кеч болду. Мен да бир ооруга чалдыккам. Бул кечеден кийин калган жашоомду кандай өткөрүүнү кайрадан ойлоно баштадым”,-деген.

Япониянын маалымат каражаттары Анзаки ыраазычылыгын билдирүү үчүн мүмкүн болушунча бардыгы менен кол алышууга жетишкенин жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!