Баланы аёсуз урган бала багуучу кармалды

14-Дек. 2017, Бейшемби, 12:26

Кытайда баланы урганы үчүн бала багуучу камакка алынды. Окуя Чжэнчжоу шаарынын Хэнань провинциясындагы көп кабаттуу үйдүн лифтин ичинде болгон. Бул тууралуу “life.ru” сайты жазып чыкты.

Бала багуучу кичинекей бала менен лифтке кирип, аны урган маалы видео камерага түшүп калган. Аялдын баланы сабаганын “CCTV” теле каналы көрсөткөн.

Видеодон көрүнгөндөй, энеси баланы бала багуучуга берет. Бала багуучу менен наристе лифтке киргенден кийин энесинен ажыраган бала ыйлап баштаган.

Лифт эшиги жабылган кезде бала багуучу аял баланы коркутуп, ур-токмокко алган. Ал колунда кармап турган баланы жулкунтуп катуу уруп жиберген. Бала ыйлап басылбаганда, ал башынан да сокконун көрүүгө болот.

Ушул маалда камерага тартылып калган тасманы күзөт кызматкери баланын ата-энесине берген. Видеону көргөн ата-эне дароо полиция кызматкерлерин чакырткан.

Маалымат ылайык, бала багуучу буга чейин жакшы деген баага татыган жана эмгек акысы жогору болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!