6 жаштагы Райан 11 миллион доллар табат

14-Дек. 2017, Бейшемби, 15:30

6 жаштагы Райан миллиондогон балдарды кызыктырып, ойнойт. Ошол эле мезгилде миллиондогон долларларды тапканы жеткинчектерди кызгандырышы мүмкүн.

Ири “YouTube” платформасына жумасына жүктөгөн видеолорунда оюнчуктар менен тааныштырып, алар мен ойногон америкалык бала 2017-жылы 11 миллион долларга жакын каражат тапты.

“Ryan Toys Review” аттуу каналында оюнчуктарды сынап, ал тууралуу ойлорун бөлүшкөн видео 2015-жылдын март айынан баштап жарыялана баштаган. Андан бери 17 миллиард көрүүчү топтогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!