Гамбургерчилер жеңишке жетти

14-Дек. 2017, Бейшемби, 16:55

Европа парламенти “Гамбургерге тыюу” катары коомчулукка белгилүү болгон мыйзам долбоорун бекиткен жок.

Евро Биримдиктеги (ЕБ) 200 миң гамбургерчини ойлондуруп жаткан мыйзам долбоору керектүү добуш ала алган жок.

Тамактын мындай түрүнө тыюу салууга эмне себепкер?

ЕБде фосфат кошулмасын азыктарга кошууга тыюу салынган. Антсе да биримдикте бул эрежелер толук сакталбай, тоңдурулган этти сактоодо кеңири колдонулуп келет.

Европа комиссиясы аларды көзөмөлдөө максатында колдонууну мыйзамдаштыруу аракетин көргөн. Анткен менен парламентте социалисттер жана жашылдар комиссиянын бул кадамын токтотуу үчүн ага каршы мыйзам долбоорун даярдаган.

Эми кандай болот?

Парламентте көпчүлүктү түзгөн Европа элдери партиясы фосфат ден-соолукка терс таасирин тийгизбей турганын, ага тыюу салуу 200 миң ишкерди чыгымга учуратарын билдирди.

ЕБдин Азык-түлүк коопсуздугу уюму 2018-жылы бул затты кайрадан изилдөөгө алууга, ал боюнча билдирүү жарыялоого жоопкерчилик алды.

Жүрөккө терс таасирин тийгизет деген негизде тыю салынган фосфат заты гумбургердин этинин даамын жакшыртып, сактоого керектелет. Азыктар салынган баштыкта “E” деген белги менен көрсөтүлгөн мындай кошулмалар сосиска жана башка эт азыктарына кошулат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!