Донгтан пляжы миналарга көмүлүп калды

15-Дек. 2017, Жума, 13:44

Акыркы учурда эң көп сөз болгуп жаткан өлкөрдүн бири бул - Түндүк Корея. Себеби, ядролук куралдарды сыноо менен бирге бүтүндөй дүйнө элин коркутуу менен таанылган Түндүк Корея бул жолкусунда коркунучутуу бир жаңылык менен кайрадан күндүн темасына айланды. Анткени, бул өлкөнүн аскерлери Түштүк Кореянын “Донгтан” (Dongmak) пляжын бутага алып, чектешкен сууларга миналарды төшөгөндүгү белгилүү болду.

Түштүк Кореянын Түндүк Корея менен чектешкен аймакта жайгашкан Донгтан пляжы коркунуч алдында.

Британиянын “Daily Mail” гезитине чыккан маалыматтарга караганда, Түндүк Корея өзүнүн чек арасында туруп, пляжда мина жардырууну максат кылган.

Бир гана Түштүк Кореянын туристтери эмес, АКШ жана Европанын туристтери көп каттаган Донгтан пляжынан кумга көмүлгөн жана деңиздин түпкүрүнө төшөлгөн миналар табылууда.

Ушул күнгө чейин минага байланыштуу ар кандай 110 окуя катталганы менен эч кандай ачуу кабар катталган жок.

Түштүк Кореянын бийлиги жана армиясы пляждагы кооптулукка көңүл бурдуруу үчүн плакаттарды ачты. Бирок, корейче жазылган жазууларга туристтер түшүнө алышкан жок.

Мына бул жер пляждын эң кооптуу болгон аймагы...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!