Жерге ири астероид жакындайт

16-Дек. 2017, Ишемби, 12:32

Бүгүн, 16-декабрда Жерге жакын ири Фаэтон астероиди учуп өтөрүн NASAнын адистери билдирди.

Американын космостук агенттигинин сайтындагы маалыматка караганда Фаэтон биздин планетадан ондогон миллион чакырым аралыкта учуп өтөт. Бул Жер менен Айдын ортосундагы аралыктан 27 эсе чоң. Астероиддин диаметри 4,8 чакырым.

Окумуштуулар Фаэтон өтө кооптуу асман телосу экенин, планета менен кагылышса олуттуу зыян болорун белгиледи.

Мындай астероид бар экендиги биринчи жолу 1983-жылы космос кемесинин бортуна тартылган сүрөттөн улам белгилүү болгон.

Кийинки жолу Фаэтондун Жерге жакындоосу 2093-жылы күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!