Ирактагы эң сулуу аял өлкөдөн качты

16-Дек. 2017, Ишемби, 14:15

Ал Израилдин сулуусу менен сүрөткө түшкөнү үчүн куугунтукталган.

Иракта сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү Сара Идан Израилдин сулуусу Адар Гандельсман менен сүрөткө түшкөнү үчүн куугунтукталууда. Ал тургай өлкөдөн качууга мажбур болгонун “The Washington Times” басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда бул сүрөттөн улам Сарага көптөгөн коркутуулар болгон. Ошондой эле анын титулуна ажыратары айтылган.

“Биз сүрөттө Ирак жана Израилдин жарандары достошо аларын айткыбыз келген. Биригишибиз керек. Барыбыз эле адамбыз да”,-деген Адар Гандельсман.

Иракта резонанс жараткан кыздардын сүрөтү “Instagram” тармагына үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында жарыяланган.

Ирак Израилди суверендүү мамлекет катары тааныбайт. Ортодо эч кандай дипломатиялык мамилелер жок.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!