Экс-министр 8 жылга камалды

16-Дек. 2017, Ишемби, 14:36

2 миллион доллардан ашык пара алганы үчүн айыпталган Россиянын мурдагы Экономика министри Алексей Улюкаев 8 жылга эркинен ажыратылды.

Россиянын соту Улюкаевдин Россиянын “Башнефти” мунай ишканасынын “Роснефттиге” сатыгы тууралуу өкмөткө жакшы маалымат берүү үчүн “Роснефт” ишканасынан 2 миллион доллар алгандыгы үчүн айыпталган.

Сот Улюкаевди 8 жыл эркинен ажыратып, 130 миллион рубль айып пул салган. Өзүнө коюлган айыптарды танып жаткан экс-министр өткөн жылдын ноябрь айында камакка алынган.

Ал Роснефти компаниясынын жетекчиси Игорь Сечинди жалган түшүндүрмө бергенин айткан. “Туурасын өзүм айтып жатам. Эч кимден пара алган эмесмин. Бул мага коюлган тузак”,-деген экс-министр.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!