Поезд кырсыгы кандай жоготууларды алып келди?

19-Дек. 2017, Шейшемби, 14:19

Вашингтон штатында америкалык “Amtrak” темир жол корпорациясына таандык поезддин жолдон чыгып кетүүсүнө эмне себеп болгонун тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт.

Көз жумгандар үчөө болсо, жабыркагандар жүздөн ашты.

Поезд кулаган автотрассада жети унаа жабыркаган. Алардын бешөө жеңил, экөө жүк ташуучу унаалар болгон.

Темир жолчулар диспетчерликтеги жазуулардан улам кырсык учурунда машинист шок абалында болгонун болжолдошту.

Анда “Эмне болду? Биз көпүрөдөн өтүп бара жатканбыз. Анан капысынан рельстен чыгып кетти. Жүргүнчүлөр жакшыбы? Азырынча билбейм. Биз автотрассадабыз, айланабызда машиналар"-деген сөздөр болгон.

Сиэтл шаарынан Портленд шаарына багыт алган поезд саатына 128 чакырым ылдамдыкта бара жаткан. Ичинде 78 жүргүнчү жана корпорациянын беш кызматкери болгон. Кулаган вагондордун эшиги жабылып калгандыктан жүргүнчүлөрдү терезеден чыгарууга туура келген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!