“Фейсбук” жүздү тааныганы турат

20-Дек. 2017, Шаршемби, 11:36

“Фейсбук” социалдык тармагы жүздү таануучу программаны киргизгени турат. Бул тууралуу кулактандыруулар бардык колдонуучулар жиберилет.

Белгиленгендей мындай жаңылык биринчи кезекте өзүнүн аватарына башкалардын сүрөтүн койгон алдамчылар менен күрөшүү максатында киргизилет.

Андан тышкары программа фотографиялардын сапатын жакшыртат. Учурда артыкчылык берилип жаткан программа АКШда ноябрь айында текшерүүдөн өткөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!