Чылымдан жабыркаган өпкөнүн дарысы табылды

22-Дек. 2017, Жума, 15:16

Помидор, алма сыяктуу мөмө-жемиштерди көп колдонуу өпкөнүн саламаттыгын жакшыртат. Мындай тыянакты америкалык окумуштуулар чыгарды. Алар Германия, Норвегия жана Великобританиядан 650 адамдын өпкөсүнүн абалын текшерип, диеталарын изилдөөгө алган. Анын жыйынтыгын “European Respiratory” журналына жарыялаган.

Анда тамеки тарткандар суткасына экиден ашык помидор, үчтөн ашык алма жесе мындан аз өлчөмдө мөмө-жемиштер жегендерге караганда өпкөсүнүн функциясы жакшырары жазылган.

“Мындай диета тамекиден жабыркаган өпкөлөрдү калыбына келтирүүгө жардам берери белгилүү болду. Ал гана эмес, чылым чекпегендердин өпкөлөрүнүн картаюу процессин жайлатарын адистер аныкташты”,-деп жазылган басылмада.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!