Суу ташкыны 90 адамдын өмүрүн алды

23-Дек. 2017, Ишемби, 15:12

Тропикалык шамалдан келип чыккан суу ташкыны жана жер көчкүдөн Түндүк Ланао провинциясында 90 адам көз жумду. Ондогон адамдар дайынсыз экенин батыштын ММКлары жазды.

Учурда провинцияда куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Бирок электр өткөргүчү жана байланыш түйүндөрүнүн жабыркашы алардын иштерин оорлотууда.

Метеорологдор катуу бороондун ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жетерин эскертти.

Өткөн эс алуу күндөрүндө Филиппиндеги Урдуджа тайфуну 30дан ашык адамдын өмүрүн алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!