Россиялыктарды элдик дарылоо кызыктырат

23-Дек. 2017, Ишемби, 15:48

Россиялыктар өтүп бара жаткан жылы Интернеттен панкреатит, цистит жана пневмония оорулары боюнча маалыматтарды көп издеген. Мындай жыйынтыкты “Яндекс” порталы маалымдаган.

Статистикалык маалыматтарга караганда ден соолукка байланыштуу эң популярдуу суроолор жогоруда аталган дарттардын белгилерине байланыштуу болгон.

Ошондой эле россиялыктар жөтөл, тырмак грибогун айыктырууда элдик дарылоо каражаттарын көп издегени аныкталган.

Буга салыштырмалуу британиялыктар олуттуу оорулар боюнча жоопторго көп көңүл бурушат. “Би-би-си” кызматынын маалыматына караганда Британияда саламаттыкка байланыштуу “рак деген эмне?” деген суроо алдыңкы орунга чыккан. “Google Trends” тиркемесинин эксперттери британиялыктарды диабет, жогорку кан басымы жана кандын ууланышы боюнча жооптор кызыктырарын жазган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!