39 президентти карыткан дарак кыркылганы турат

28-Дек. 2017, Бейшемби, 14:05

АКШда Ак сарайдын бакчасында жайгашкан жана 39 президентти көргөн 200 жылдык тарыхы бар магнолия дарагы кыйылганы турат.

Дарактын кыйылышын АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп зыяратчылардын коопсуздугу үчүн талап кылганы белгилүү болду.

“Jackson” аталышындагы магнолия дарагын 1865-1869-жылдарда АКШны башкарган 17-президент Эндрю Жонсон көз жумган жубайына арнап тиктирген.

Ак сарайдын маалымат катчысы Стефани Гришамдын билдиргенине караганда биринчи леди Мелания Трамп президенттин тик учагы көтөрүлгөндө дарактын түбүндө калган маалымат каражаттарынын кызмакерлерине, зыяратчыларга коркунуч жаратканы үчүн кыйдырып жатканын билдирген. Ошол эле мезгилде ал жерге башка көчөттөрдү отургузууну талап кылган.

1992-жылы АКШнын ошол мезгилдеги президенти Жорж Буш магнолия дарагынын алдында сүйлөп жатып “Бул дарак көп сандаган тарыхый салтанаттарга күбө болду. Американын ички согушун да көрдү. 1-2-дүйөлүк согуштарга да күбө болду. Саясий толкундоолор менен өткөн жылдар даракты да чарчатты”,-деди ал.

1970-жылдарда дарактын тамырларынын ачыкка чыккан сайын кабыгы цемент менен капталган. Айрымдар бул кылгандар даракка кайра кайтарууга мүмкүн болбогондой зыянга учуратып жатканын айтышууда.

1981-жылы цементти алып, дарактын өсүшүнө шарттар түзүлгөн.

Алыстан караганда абдан көркөмдүү көрүнгөнү менен ботаник адистер магнолия жасалма жолдор менен гана жашап жатканын белгилешкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!