“Арктикалык сууктан” улам үйдө калышты

28-Дек. 2017, Бейшемби, 15:29

Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио тургундарга сууктан улам үйдөн чыкпоону эскертти. Метеорологдордун маалыматына караганда аталган шаарда 28-декабрда температура -8 градуска төмөндөгөн.

“Биз шаардыктарга бул жумада сыртка чыкпоону сунуштап жатабыз. Колдон келишинче коңшулардан кабар алып туруу, бакма жаныбарларга көз салуу жагы эскертилди”,-деп жазган мэр “Twitter” тармагындагы баракчасына.

Өз кезегинде метеорологиялык кызмат Нью-Йорк шаарынын тургундарына Жаңы жылдык майрамдарда “арктикалык суук” болорун эскерткен.

Негизинен калаада бул учурларда орточо температура -1 градус болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!