Гумжардамга келген одеялдар кийимге айланды (видео)

28-Дек. 2017, Бейшемби, 15:51

Бул Сирия армиясынын курчоосундагы Хула шаарчасындагы тигүүчү. Ал кадимки кесиптештеринен айырмаланат.

Бул жерде Бириккен улуттар уюму (БУУ) тарабынан гуманитардык жардам катары таратылган жылуу одеялдардан кийим тигишет.

Хула шаарчасынын тургуну Абу Ибрагим “Бизге одеялды жамынганга беришет. Бирок ал түнкүсүн эле керектелет. Ал эми күндүз эмне кылабыз? Тургундардын күйүүчү май же башка нерселерди алганга алы жетпейт. Андыктан күндүз кийгенге кийим тиктирүүгө аргасыз”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!