Экс-​президентинин жубайы из уруп каза болду

29-Дек. 2017, Жума, 17:36

Тажикстандын биринчи президенти Рахмон Набиевдин жубайы Майрам Набиева 79 жашында Худжанд шаарында кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу “Asia-Plus” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, үйдөн өрт чыккан учурда Майрам Набиева үйдө жалгыз болгон. Болжолдоого караганда президенттин жубайы из уруудан улам каза болгон. Өрт электр приборлорун туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Учурда келтирилген чыгымдар аныкталып жатат.

Маалымат катары, Рахмон Набиев (1930-1993) советтик партиялык ишмер. 1982-1985-жылдары Тажикстандын коммунисттик партиясынын биринчи секретары, 1991-1992-жылдары көз каранды эмес Тажикстандын президенти болгон. 1992-жылы жарандык согуштун башталышында отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Бир нече айдан кийин инфарктан улам көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!