Нью-Йорктогу өрттүн келип чыгуу себептери айтылды

30-Дек. 2017, Ишемби, 13:31

Нью-Йоркто 12 адамдын өмүрүн алган өрт ашканада бала ойноп жаткан плитадан чыкканы болжолдонууда. Бул туурасында “The New York Times” гезити шаар мэринин айткандарына таянып жазган.

Бронкс районунда беш кабаттуу турак үйдөн бейшемби, 28-декабрда өрт чыккан. Тилсиз жоо менен 170 куткаруучу күрөшкөн.

Учурда жабыркагандардан төртөө оор абалда. Көз жумгандардын арасында бир жаштагы бала бар.

Жергиликтүү бийлик өрттү шаардагы акыркы 25 жылдагы адам өмүрүн алган кырсык болгонун белгиледи.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!