Спутник 18 жолдошу менен кошо жоголду

6-Янв. 2018, Ишемби, 16:05

Ноябрь айында Россиянын салмагы 2750 килограмм болгон 45 миллион долларлык спутиги (жандооч) менен байланыш үзүлдү. Аба ырайына байкоо салган “Meteor-M” спутнигинин жоголуусуна багытынын жаңылыштык менен программаланганы себеп болгон.

Өлкөнүн вице-пермьер-министри Дмитрий Рогозин “Россия-24” каналына берген маегинде бул ката адамдар тарабынан кеткенин айтты.

“Reuters” агентиги “Meteor-M” өткөн айда “Восточный” космодромуна учурулганы менен Казакстандагы “Байконур” космодромунан учурулган координаттары менен программаланганын жазды. Ошондой эле аталган кабар борбору ракета баалуу нерселер менен кошо Россия, Норвегия, Швеция, АКШ, Япония, Канада жана Германиядагы илим изилдөө, соода ишканаларына таандык чакан 18 спутникти ала кеткенин белгилеген.

Программалоо жагынан адамдардын каталары, техникалык жетишсиздиктер космостук учууларда сейрек эмес. Башкача айтканда мындай жаңылыштыктар Россиянын тарыхында көп кездешет.

2015-жылы учурулган түзүмү бир нече мүнөт өтпөй Мексиканын байланыш спутнигин жок кылгандан кийин жарылган.

Россия мындай чыгымдарга “Росскосмос” космостук программасына бюджетти 35 пайызга азайткандан кийин учураган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!