Министрликтен кетип айдоочу болду

9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:50

Нидерланддарда коопсуздук жана юстиция боюнча мурдагы мамлекеттик катчы Фред Тевен саясаттан кеткенден кийин айдоочу болуп иштей баштады. Ал аймактагы “Connexxion” транспорт компаниясына жумушка орношкон.

“Мен жарым күн автобус айдап жатам. Буга чейин алыс сапарга айдоочу болууну дайыма эңсечүмүн. Жумасына бир жарым күн автобус айдоого мүмкүнчүлүк тапканда абдан кубандым”,-деген Тевен.

Ал үйрөнүүгө берилген мөөнөтү аяктагандан кийин Хаарлем аймагы боюнча автобус айдайт. Ал эми калган бош убактысын коопсуздук жана кибер кылмыш тармагы боюнча кеңеш алууга арнайт.

Фред Тевен прокурор кезинде абактагы адам менен акчаны адалдоо боюнча макулдашканы үчүн 2015-жылы кызматынан кеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!