Альцгеймер дарылары боюнча изилдөөлөр токтоду

9-Янв. 2018, Шейшемби, 16:25

Америкадагы “Pfizer” компаниясы Альцгеймер жана Паркинсон оорулары боюнча изилдөөлөргө чек коюну чечти. Алар тараткан билдирүүдө бул дарттарга дары табуу боюнча изилдөөлөргө миллиарддаган доллар жумшалганы белгилүү болду.

Акыркы 6 жыл ичинде дарыны изилдөө акыркы баскычына келген. Анткен менен дартты айыктырууга жараган эмес.

“Pfizer” биофармацевтикалык компаниясынын мындай иликтөөлөрү медицина чөйрөсүнүн көңүлүн чөктүрдү. “The Times” гезитине маек берген Англиядагы Альцгеймер иликтөө борборунун өкүлү Мэттью Нортон “Дары ишканалары терең ойлонуп, иликтөөлөрүн улантат деп үмүттөнөм”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!