Түндүк Корея кышкы олимпиадага катышат

9-Янв. 2018, Шейшемби, 17:25

Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 9-25-февралда өтө турган кышкы олимпиадага делегация жиберүүнү чечти.

Бул сүйлөшүүлөр боюнча Түштүк Кореянын жооптуу министринин орун басары Чун Хай-Сун “Улуттук олимпиада комитетинүн мүчөлөрү, атлетчилер, байкоочулар, таеквондо командасынан турган делегация жиберүүнү сунушташты”,-деди.

Белгилей кетсек, КЭДР лидери Ким Чен Ын Жаңы жылдык куттуктоосунда Түштүк Кореядагы кышкы олимпиадалык оюндарга катышуу боюнча жакшы пикирлерин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!