Санта-Барбарагы селден 13 адам көз жумду

10-Янв. 2018, Шаршемби, 13:12

Калифорнияда селден улам 13 адам көз жумду. Көбүрөөк соккуну Санта-Барбара жана анын тегерегиндеги аймактар алды.

Дал ушул жердин токойлорун бир ай мурда өрт каптап, өсүмдүктөрдүн бир нече түрүн жок кылган.

Нөшөрлөгөн жамгыр АКШнын Тынч океанынын жээгиндеги кымбат кыймылсыз мүлктөр жайгашкан кварталды каптады.

Учурда 12 адам дайынсыз. Дагы 25 тургунду куткаруучулар ооруканага жаткырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!