1 миң 300 паракор кайтарылды

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:58

Кытай бийлиги 2017-жылы өлкөгө 1 миң 300 “качкынды” жана 980 миллион юанды кайтарууга жетишти. Бул тууралуу “China Daily” гезити өлкөнүн антикоррупциялык мекемесине таянып жазган.

Шектелгендердин 347си партия мүчөлөрү, ал эми он төртү Интерпол тарабынан издөөгө алынгандар болгон.

Кытай бийлигинин маалыматына караганда паракорчулук сыяктуу кызматтык кылмыштарга байланыштуу 800 шектүү дале эркиндикте жүрөт. Алардын 70 пайызы Австралия, Канада, Жаңы Зеландия жана АКШда жашырынып жатканы болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!