Арстандын тогуз күчүгү жок кылынды

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 14:35

Швецияда жайгашкан Борас зоопаркында туулган арстандын 9 күчүгү багууга каражаттын көп кеткенинен улам жок кылынган.

Өлкөнүн түштүк-батышындагы Борас шаарында жайгашкан айбанаттар бакчасында иштеген Бо аттуу адам бул зоопарк күчүктөрдү көзөмөлдөй албаганын, чыгымдарынын көптүгүнөн улам өлтүрүлгөнүн айтты.

Жаныбарлардын экөө табигый себептерден, тогузу атайылап өлтүрүлгөнүн белгилеген. Мындай кабар чыгары менен өлкөдө жаныбарлардын укугун коргогон активисттер нааразылык айтып козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!