Елизавета II: “Абдан ыңгайсыз жана оор”

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:45

Королева болуу көптөр ойлогондой романтикалуу эмес, сөздүн түз маанисинде алганда оор экен. Мындай ойлорун Елизавета II өзү айткан. Ал таажысын тагынгандан бери бутун карай албай калганын, бул аксессуар абдан ыңгайсыз, ал тургай кооптуу экенин айткан.

Таажысынын көптөгөн жетишсиздиктери менен бирге маанилүү жактарын, монархиялык түзүлүштө абдан маанилүү атрибут экенин танган эмес.

Таажычан туруп сүйлөөгө болбой турганын, башты ылдый кылуу абдан оор болгондуктан моюнду сындырып алуу мүмкүн экенин белгилеген.

Таажы 1,3 килограмм турат. Оор салмагына алмаз, сапфир, изумруд жана башка баалуу таштар менен кооздолгону себеп болгон.


Бактыга жараша Елизавета II таажысын дайыма эле кие бербейт. Биринчи жолу аны 1953-жылы тактыга отурарда кийген. Андан бери жыл сайын парламенттин ачылышында тагынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!