13 баласын кул кылган жубайлар кармалды

16-Янв. 2018, Шейшемби, 13:50

КШнын Калифорния штатында караңгы жайларда ачка, керебетке чынжырлап 13 баласын камап жаткан жубайлар кармалды. Кулчулук боюнча жашаган жеринен качууга үлгүргөн 17 жаштагы кызы билдирген.

Кыз үйдөн тапкан чөнтөк телефон аркылуу жетекчиликке кабарлап, ата-энеси өзүн кошкондо 12 бир тууганын кулчулукта кармап турганын айткан.

Коңшулары: Сыртка чыгышпайт эле

57 жаштагы Дэвид Аллен Турпин жана 49 жаштагы Луиза Анна Турпиндин үйүнөн 2ден 29 жашка чейинки 13 бала табылган. Жаман шартта жашаган балдар бир тууган экени болжолдонууда.

Полиция айрым балдар керебеттерине асылган кулпу жана чынжырлар менен кармалып турганын белгилеген.

Аймактык ооруканаларга жаткырылганы балдар 18-29 жашта экенине ишенүүгө мүмкүн эместигин жетекчи Марк Уффер “Reuters” кабар агенттигине айткан. “Оорукананын жамааты болгондорго капаланып, көргөндөрүнө ишене албай жатышат”,-деген. Ал эми аталган агенттикке бул жубайлар тууралуу маалымат берген коңшулары "Алар тууралуу билүү мүмкүн эмес эле. Бир жактарга барганын же үйлөрүнө бирөө келгенин көргөн эмеспиз. Кээде гана маркеттерден соода кылышкан”,-дешкен.

Калифорниянын билим берүү департаментинин Интернет сайтынан Дэвид Аллен Турпин аймактык жеке мектептердин биринде директор болгону тууралуу маалымат табылган. Бирок Америка медиасы жубайлар буга чейин банкрот болгонун жарыялаганын, “Facebook” тармагында балдары менен айрым иш-чараларда түшкөн сүрөттөрү бар экенин жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!