Ири өлчөмдөгү крипто акча уурдалды

16-Янв. 2018, Шейшемби, 16:34

Крипто акчаларын “Stellar Lumen” аттуу капчыгында сактагандар 400 миң долларын уурдатты.

Крипто акча дүйнөсүнө хаккердик кол салуу болду. “Stellar Lumen” капчыгынын серверлерине кол салуу мүмкүндүгү бардык форумдарда эскертилген. Антсе да хакерлерден 400 миң долларды сактай алышкан эмес.

Бул ишти кылгандар каражаттарды башка бир платформага жана бөлөк бирдикке которгону белгилүү болду. Кибердик хакерлердин мындай иштеринен улам акчанын изи белгилүү боло элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!