Иштен айрылган аткаминер өзүн өрттөдү

17-Янв. 2018, Шаршемби, 14:11

Бир ай мурда Дмитрий Рудов Россиянын президенти Владимир Путинге подаградан улам майыптык бербей жатканын арызданган.

Башкирияда Ишимбай шаарында Бирдиктүү Россия партиясынан Дмитрий Рудов “ГазпромНефтехимСалават” компаниясынан жумуштан чыгарылганда эл алдында өзүн-өзү өрттөдү.

“Эхо Москва” радиостанциянын кабарлаганына караганда күндүз ал адам шаардын администрациясынын алдына келген. Плащын салып, ага отуруп суюк күйүүчү майды өзүнө куйган. Өзүнө өрт коюп жатып “Коррупция!” деп кыйкырган. Өтүп бара жаткандар ага кар чачып, жалынды өчүрүүгө аракеттенишкен.

Дмитрий Рудовдун денесинин 80 пайызы күйүп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Башкириянын Тергөө комитетинин билдиргенине караганда ал жакта көз жумган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бир ай мурда Рудов РФнын президенти Владимир Путинге кат жолдогонун жазды. Анда ал “ГазпромНефтехимСалават” ишканасынан мыйзамсыз чыгарылганын белгилеген. Рудов сотко арызданып, биринчи инстанциясынан утканын, бирок Жогоку соту чечимди жокко чыгарганын жазган. Ошондой эле Бирдиктүү Россия партиясынан болорун айтып, андан жардам сураган. Бирок жооп ала алган эмес.

Катынын экинчи бөлүмүндө Рудов ага подагра дартынан жабыркап жатканын, буга байланыштуу майыптык бербей жаткан баса белгилеген. “Сиздердин шайлоого чейин дарысыз жашай алам деген үмүттөмүн”,-деген кайрылуусунда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!