Жалгыздык министрлиги түзүлдү

17-Янв. 2018, Шаршемби, 15:11

Англия өкмөтүнөн келген билдирүүдө Жалгыздыкка жооптуу министрлик түзүлгөнү кабарланган. Ал эми ага министр болуп Консервативдик партиянын мүчөсү Трейси Кроуч дайындалды. Бул долбоорду 2016-жылы ашыкча оңчул адам тарабынан өлтүрүлгөн Лейбористик партиядан депутат Жо Кокс негиздеген.

“Би-би-си” кызматынын маалыматына караганда пемьер-министр Тереза Мэй бул боюнча айткандарында “Жо Кокс өлкөдө жалгыздык канчалык деңгээлде экендигин жакшы түшүнгөн. Өзүн бул абалдан чыга албай жаткандарга жардам берүүгө арнаган экен”,-деди.

Мэй жаңы министрликти Кокстун мурасы катары эсептеп, бул боюнча иш алып барган жарандык коомдор менен иштешерин белгиледи.

Ал эми министрлик кызматка дайындалган Трейси Кроуч “Бул Жо тыкыр алектенген маселе эле. Биз анын элеси унутпай, жалгыздыктын азабын тарткан миллиондогон адамдарга жардам берүү үчүн колдон келгенин кылабыз”,-деген.

Жалгыздык 9 миллион адамга таасир этет

Улуттук статистикалык маалыматка караганда Англияда жалгыздыктан жабыркагандардын саны 9 миллионго жетет. 2017-жылы жарыяланган билдирүүдө бул абал күнүнө 15 даана тамеки чеккенден да жаман экенин жазган. Өлкөдө профессор Жейн Каммингс суук аба ырайы жана жалгыздык кыш мезгилинде өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

Англияда калктын 75 жаштан жогорку катмарынын 2 миллионго жакыны жалгыз жашайт. Алардын көбү көп күн, ал тургай апталар бою эч ким менен баарлашпай калары болжолдонуп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!