Желим идиштер жок болобу?

17-Янв. 2018, Шаршемби, 17:04

Еврокомиссия пластик таңгакка байланыштуу жаңы стратегияны иштеп чыкты. Анда материалдын жаңы түрүнө артыкчылык берилет.

Бүгүн күндө мындай идиштердин үчтөн бир бөлүгү гана кайра иштетүүгө жиберилүүдө. Ал эми Европа биримдиги (ЕБ) мамлекеттетеринде желим таштандылардын көлөмү жыл сайын 25 миллион тоннага жетет.

Франция өткөн жылдын башында жер-жемиш жана мөмөлөрдү саткандарга желим баштык колдонууга тыюу салган. Анын ордун картошканы кайра иштетүүдөн келип чыккан компоненттерден жасалган баштыктар пайдаланылган.

Еврокомиссиянын биринчи вице-төрагасы Франс Тиммерманс “2030-жыл 12 жылдан кийин болот. Ошол мезгилге чейин пластик таңгак кайра иштетүүгө кетиши керек же көп ирет колдонууга жарактуу болсун. Биз таңгактоочу матералдарды кайра иштетүү, алардын пайдалуу жана кирешелүү жактарын карап чыгабыз",-деген.

Кийинки кадам Евро парламентте талкууланат. Дебат процесси аркылуу керектүү нормалар жана эрежелер кабыл алынат. ЕБге мүчө бардык мамлекеттер жактырса стратегия эки жылдан кийин күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!