Вулкандан улам 40 миң адам үйүнөн кетти

18-Янв. 2018, Бейшемби, 17:54

Филиппиндерде Майон вулканынан кооптонгон 40 миңге жакын адам үйүнөн кетүүгө аргасыз болду. Буга чейин 12 миң тургун эвакуацияланганы кабарланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалды башкаруу боюнча Улуттук Кеңеш билдирди.

Дүйшөмбү, 15-январда жанар тоонун чокусу кыйраганы байкалган. Филиппиндин Вулканология жана сейсмология институтунун өкүлдөрү Камалиг жана Поланги шаарларынүн үстүн жанардын күлү каптаганын билдирген. Андан улам жергиликтүү бийлик мектептерди убактылуу жапкан.

Ыкчам медициналык кызматтар даярдыкка келтирилген. Жарандык авиацияга вулканга жакын учпоо эскертилген.

Вулканология жана сейсмология институту бейшемби, 18-январда лаванын агымы кратердин чокусунан 3 чакырымга жылганын кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!