Таштанды чогулткандар китепкана ачты

19-Янв. 2018, Жума, 16:03

Анкара шаарында таштанды жыйноочулар ыргытылган китептерди чогултуп, китепкана ачышты. Алар басылмаларды бир нече айдан бери чогултуп келишкен. Саны көбөйүп, жергиликтүү мектептерге жана абактарга жардам бергидей деңгээлге жеткен.

Алгач китептердин жыйнагы таштанды жыйноочуларга, алардын үй-бүлөлөрүнө жеткиликтүү болгон. Басылмалардын саны көбөйгөн сайын ага кызыккандардын саны өскөн. Андан улам өткөн жылдын сентябрь айынан бери китепкана бардык каалоочуларга эшигин ачкан.

Капысынан пайда болгон китепканага эски кирпич фабрикасынан орун табылган. Ал фондду башкарууга шаардык администрация китепканачы алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!