2,1 миллиард долларлык экологиялык шаар курулат

19-Янв. 2018, Жума, 17:55

Казакстандын Мангыстау областынан келген билдирүүдө Актау шаарында эко шаар куруу боюнча губернатор Эралы Тугжанов менен англиялык жана кытайлык инвесторлордун ортосунда макулдашууга кол коюлганы жазылган.

Билдирүүдө долбоордун наркы 2,1 миллиард доллар болору, ал толугу менен чет элдик инвесторлор тарабынан каржыланары билдирилди.

Эко шаар үчүн калаанын түндүгүндө 865 гектар жер бөлүнөт. Анда турак жайлар, соода борборлору, мектептер, бала бакчалар жана медициналык борборлор болот.

Билдирүүдө “Экокент долбоорунда İT-парк, мейманканалар, споттук стадиондор, көңүл ачуучу борборлор, түрдүү коомдук кызматтар жана экологияны тазалоочу технологиялар болот”,-деп жазылган.

Губернатор Тугжанов кол коюу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө Мангыстау өлкөнүн маанилүү шаарларынан болорун, транспорт жана логистика, курулуш, туризм, айыл чарба өндүрүшү үчүн бардык шарттар түзүлөрүн белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!