Климатологдор: акыр заман болбойт

20-Янв. 2018, Ишемби, 13:04

Эксперттер айрым изилдөөлөрдө көптөгөн катачылыктар болуп жатканын белгилешти. Маселен Эксетер университетинин окумуштуулары адамзатты глобалдык ысыкка байланыштуу апокалипсис көрүнүштөр менен коркутуп келген. Бирок климатологдор кайра-кайра эскертилип жаткандар болбой тургандыгын, аба тездик менен ысыбайт тургандыгын билдиришкен.

Эл аралык Лидса Университетиндеги Пристли климат борборунун климатологдору парник газдарынын өлчөмү туура эмес эсептелип жатканын, бир нече жылдан кийин планетанын климаты 2,2 градус Цельсия болорун белгилеген.
Мурда 3,5–4 градус Цельсия деп эсептелген болсо, эми илимпоздор Жер шаарында жылуулук жаңы эсептөөлөр боюнча 2,4–2,5 градус Цельсияга жетерин билдирген.

Андан улам келерки он жылдыкта глобалдык кыйынчылыктар, ири суу каптоолор, вулкандардын атылышы күтүлбөй турганын болжолдоого болот .

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!