Альпинисттердин үлпөтү Эверестте өттү

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:03

32 жаштагы финляндиялык Хайди Турунен жана 31 жаштагы жигити австралиялык Том Райн үлпөт тоюн дүйнөдөгү эң бийик чокуда өткөрүштү.

Алар Австралияда 2013-жылы саякат учурунда таанышкан. Үлпөт тоюн кийинкиге калтырып, ага жакшылап даярданууну чечишкен. Бирок 5380 метр бийиктикте өткөрүүнү кыялданышкан эмес. Болгону Непалга, андан Эверестке чыгууну пландашкан.

Дүйнөдөгү эң бийик чокуда той өткөрүүнү Хайди тамаша иретинде айткан. Анын ою чынга айланып, оригиналдуу демилге катары кабылданган.

Сүйүшкөндөр тойго тогуз ай даярданып, уктоочу каптарды, тамак, кийим, гигиена каражаттарын, үлпөт кийимдерин алышкан. Анда Томго 25 килограмм, ал эми Хайдиге 12 килограмм жүк чогулган.
Деңиз деңгээлинен 6543 метр бийиктикте шакек тагынууну чечкен тажрыйбалуу саякатчылар өтө оор болорун күтүшкөн эмес. Миң метрге жаңы жеткенде келинчек эсин жоготконго чейин барган. Андан улам жергиликтүү калк төмөнгө түшүүнү сунушташкан.

Тойдун өзү Таиландда Самуй аралында өткөн. Бирок жаштарга тоо абдан жаккандыктан бал айын Непалда өткөрүүнү пландашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!